Жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров митингде жерге жатып алды. Эмне үчүн?

Бүгүн, 28-февралда Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинде Украинаны колдогон митинг өтүп жатат.  Митингде жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров жерге жатып алды. Журналисттердин «муну менен эмне айткыңыз келип жатат?» деген суроосуна ал «менин өлүмүмө Путлер күнөөлүү» деп жооп берди.

Жарандык активисттин айтымында, Украинада чоңдорду айтпаганда, канчалаган балдар өлүп жатат. «Мына ошонун баарына бир гана Путин күнөөлүү. Согуш токтош керек», — деди ал.