Жарандык активист Өндүрүш Токтонасыровдун ооруканада жатканы айтылды

Жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров Сокулуктагы ооруканада жатат. Бул тууралуу укук коргоочу Гүлшайыр Абдирасулова социалдык тармактагы баракчасына жазды.

«Ал өзү эч качан жардам сурабайт, 4 миң сом пенсиясына жашайт, ага сапаттуу дарылануу жана жакшы тамактануу керек»,- деп жазды ал.

Акыркы бир нече жыл ичинде ал дайыма өз пикирин билдирүү үчүн жалгыз пикетке чыгып келет.