Юрист Сания Токтогазиеваны издегендер кимдер?

Жарандык активист, юрист Сания Токтогазиева Фейсбуктагы баракчасына өзүн белгисиз жарандар издеп жатканын жазып чыкты.

“Башталды! Өзүн укук коргоо органдарынын өкүлү деп тааныштырган белгисиз жарандар мени издей башташты. Менин күйөөмө белгисиз киши телефон чалып, өзүн Бишкек ШИИБнин улук ыкчам кызматкери, милициянын майору Мирлан Качкынбаев деп тааныштырды. Ал менин жолдошума чалып жатканын билбесе керек, жолдошум биз жашаган көп кабаттуу үйдүн башчысы. Качкынбаев Сания Токтогазиеваны (мени) издеп жатканын айтып, мен кайсыл батирде турарымды билген соң бир сааттын ичинде келерин, жолдошум бул тууралуу эч кимге ооз ачпашын талап кылды. Ал келгенде жолдошум болгон окуянын баарын видеого тартып алыптыр. Жолдошумду көргөндөн кийин Качкынбаевдин өзүн алып жүрүүсү өзгөрүп, таптакыр башка нерсени айта баштаптыр. Калп эле сакал койгон эки бийкечти издеп жатам деп жомок токуй баштаптыр. Жолдошум Сания Токтогазиеваны издеп жатпадыңыз беле, документтериңизди көрсөтүңүз десе, Качкынбаев айткан сөзүнөн танып, качып кетиптир. Мунун баары, сүйлөшүүлөрүнөн бери видеодо бар”, — деп жазды Токтогазиева.

Бир нече саатан кийин юрист айым милицияга кайрылганын, алар протокол толтуруп, арызды кабыл алышканын жазып чыкты. “Эртең эрте менен бирдиктүү реестрге катташат экен. Арызыма бардык далилдерди, сүрөт, видео жана аудио жазууларды тиркеп бердим. Мунун баары эмне менен аяктайт, көрө жатарбыз”, — деп кошумчалады активист.