Жарандык активист Тилекмат Куренов үй камагына чыкты

Жарандык активист Тилекмат Куренов үй камагына чыкты. Бул тууралуу Бишкек шаардык соттон билдиришти.

Маалыматка караганда, жарандык активисттин баш коргоо чарасы бүгүн, 26-апрелде каралган.

Ал эми 20-апрелде Башкы прокурор Курманкул Зулушев прокуратура жарандык активисттин баш коргоо чарасын өзгөртүү маселесин карап чыгарын убадалаган эле.

Эске салсак, 15-мартта Бишкекте милиция кызматкерлери жарандык активист Тилекмат Кудайбергеновду кармап кетишкен. Ал Фейсбукта Тилекмат Куренов деп катталган. Кийинчерээк Бишкек шаардык милициясы ал социалдык тармактарга жазган билдирүүлөрүндө бийликти күч менен басып алуу жана массалык башаламандыкка чакыруу белгилери бар деп шектелип, камакка алынганын билдирген. Свердлов райондук соту баш коргоо чарасын карап, аны 1 айга камакка алган.

9-март күнү Кудайбергенов тарапташтары менен Ак Үйдүн жанында жаңы Конституцияга каршы нааразычылык акциясын уюштуруп, президент Садыр Жапаровду, Жогорку Кеңештин спикерин жана депутаттарды бийликти узурпациялоо үчүн сотко берүүгө даяр экенин билдирген эле.