Жарандык активист Тилекмат Куреновдун иши сотко өттү

Жарандык активист Тилекмат Куреновдун иши боюнча тергөө аяктап, иш Свердлов райондук сотуна жөнөтүлдү. Бул тууралуу Бишкек ШИИБден билдиришти.

Тилекмат Куреновго Жазык кодексинин 310-беренеси (бийликти күч менен басып алууга чакырыктар), 39-264-беренеси (массалык башаламандык уюштурууга аракет кылуу) жана 39-192-беренеси (добуш сатып алууга аракет кылуу) менен кылмыш иши козголгон.

15-мартта Бишкекте милиция кызматкерлери жарандык активист Тилекмат Кудайбергеновду кармап кетишкен. Ал Фейсбукта Тилекмат Куренов деп катталган. Кийинчерээк Бишкек шаардык милициясы ал социалдык тармактарга жазган билдирүүлөрүндө бийликти күч менен басып алуу жана массалык башаламандыкка чакыруу белгилери бар деп шектелип, камакка алынганын билдирген. Свердлов райондук соту баш коргоо чарасын карап, аны 1 айга камакка алган.

9-март күнү Кудайбергенов тарапташтары менен Ак Үйдүн жанында жаңы Конституцияга каршы нааразычылык акциясын уюштуруп, президент Садыр Жапаровду, Жогорку Кеңештин спикерин жана депутаттарды бийликти узурпациялоо үчүн сотко берүүгө даяр экенин билдирген эле.