Жарандык активист Улан Үсөйүн: «Жөө жүрүштөр референдумга чейин болот»

Бүгүн, 21-мартта Бишкекте аптанын ар жекшемби күнү уюштурулуусу салтка айланып калган жөө жүрүш болуп өттү. Бул акциянын башында тургандардын бири жарандык активист Улан Үсөйүн «жөө жүрүштөр качан токтойт?» деген суроого жообун социалдык тармактагы баракчасына жарыялады.

«Мыйзамдуулукту, акыйкаттыкты, адилеттүүлүктү, коопсуз, өнүккөн өлкөнү талап кыла беребиз. Качан токтойт дегендерге: Жөө жүрүш Баш мыйзамды өзгөртөбүз дегенге чейин мыйзамдуулукту талап кылып башталып, референдумга чейин болот деп пландалган. Референдумга чейин болот. Референдумда Эл кандай чечим кабыл алса, ал чечимди кабыл алабыз. Бул демократиялык тандоо», — деп жазды Улан Үсөйүн.