Жарандык активист Улан Үсөйүн үйлөндү

Жарандык активист Улан Үсөйүн үйлөндү. Бул тууралуу өзү социалдык тармактагы баракчасына жазды.

«Ата-энелерибиздин, тууган-туушкандын ак батасын алып, ак никебизди кыйдырып, тирүүлүктө бири бирибизге шерик, тирөөч, бакыт тартуулаган түгөй бололу деп, башыбызды байладык. Жараткан колдоп, ой-максатыбыз, тилеген тилегибиз ишке ашсын деп, ак жолубузга кадам шилтедик, бойдокчулук менен коштоштук. Бакыт тынчтыкты сүйөт дегендей, жубайым экөөбүз баш кошконубузду бир туугандардан башка эч кимге айтпай эле ишке ашырдык. Бүгүн жалпыга айтууга убакыт сааты келген экен»,- деп жазды ал.