Жарандык активист Болот Ибрагимовдун борбор калаанын суу каптаган көчөлөрүнөн кайык менен жүргөн видеосу интернетке айдыңында кызуу талкуу жаратууда.
Маалыматка ылайык, аталган активист токтобой жааган жамгырда суу толуп, Бишкектин Барпы Алыкулов менен Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишинде кайык менен сүзүп жүргөн.
Белгилей кетсек, жарандык активист Болот Ибрагимов учурда «Биздин эл» (Наш народ) партиясы менен Бишкек шаардык кеңешинин депутаттыгына ат салышууда.