Жарандык контроль комитети Кемпир-Абад маселеси боюнча бийликтин аракеттерин куугунтук деп баалайт

Жарандык контроль комитетинен Кемпир-Абадды коргоо комитетинин бир катар мүчөлөрү тинтүүгө жана камакка алынышы тынчсыздандырып жатканын билдиришти.

Кечээ, 22-октябрда Өзгөн шаарында өткөн курултайда 15-октябрында кабыл алынган токтомдун негизинде Кемпир-Абадды коргоо комитети түзүлгөн. Комитеттин курамына бир катар укук коргоочулар, саясатчылар, активисттер жана кызыкдар жарандар кирди. Эртеси, 23-октябрд таң эрте Кемпир-Абадды коргоо комитетинин мүчөлөрү Клара Сооронкулова, Гүлнара Журабаева, Асия Сасыкбаева, Рита Карасартова, Равшан Жээнбеков, Эрлан Жээнчороев, Перизат Суранова, Али Шабдан жана башкалардын батирлеринде жана үйлөрундө укук коргоо органдары массалык тинтүү иштерин жүргүздү. Тинтүү иштери ИИМдин Тергөө кызматынын башчысы кол койгон тинтүү жүргүзүү жөнүндө токтомдун негизинде жүргүзүлгөн. Анда «Кылмыш-жаза кодексинин 36, 278-беренелери боюнча козголгон кылмыш ишинин материалдарын карап чыгып, кылмыш жасоого даярдануу — атап айтканда, кылмыш жасоого даярдануу фактысы боюнча — зордук-зомбулук, өрттөө, мүлктү жок кылуу, ок атуучу куралдарды, жардыргыч заттарды же жардыргыч түзүлүштөрдү колдонуу менен коштолгон массалык баш аламандыктарды уюштуруу же бийлик өкүлүнө куралдуу каршылык көрсөтүү». Тинтүү тергөө судьясынын санкциясысыз жүргүзүлгөн.

Комитет Кемпир-Абад маселеси боюнча бийликтин аракеттерине сын жана тынчсыздануусун билдирген жарандарды ачык куугунтуктоо жана коркутуу катары баалайт. Ушуга байланыштуу Жарандык контроль комитети Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынан төмөндөгүлөрдүу талап кылат:
• Куугунтуктарды жана кысымдарды, анын ичинде укук коргоочуларга жана жарандык активисттерге алардын мыйзамдуу ишмердүүлүгүнө байланыштуу кылмыш иштерин тез арада токтотуу. Кемпир-Абад маселеси боюнча өзүнүн мыйзамдуу жарандык позициясын билдирген жарандарды куугунтуктоо токтоосуз түрдө токтотулсун;
• Бардык саясий туткундарды дароо бошотуу жана саясий репрессияларды токтотуу;
• Адам укуктарынын мыйзамдуу ишмердигине кийлигишпөө кепилдиктерин берүү, укук коргоочуларды жана жарандык активисттерди дискредитациялоо кампаниясын токтотуу.