Жаранга кол көтөргөн милиция кызматкери боюнча териштирүү башталды

Социалдык тармактарда милиция кызматкеринин формасын кийген жарандын башка жаранды уруп-согуп жаткан видео тарады.

Видео Бишкек шаарында тартылганы айтылган. Милициянын формасын кийген Биринчи Май РИИБдин кызматкери экени ага карата текшерүү иштери башталганы маалымдалды.