Жардамга муктаж эне: «Баламдын кыр арка сөөгү кыйшайып баратат, Түркиядан операция жасатканга жардам керек» (видео)

Ысык-Көл облусунун тургуну Жамбаева Жанаркүл СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине баласынын сөөктөрү кыйшайып, Түркияда операция жасатуу керек болуп жатканын айтып кайрылды.

— Балам Сабыров Ырысбек тубаса жүрөк оорусу менен төрөлгөн. 1 жаш 4 айында жүрөгүнө операция жасатканбыз. Операцияга чейин баламдын жүрөк оорусунан башка ден соолугунда көйгөйү жок болчу. Операция болгондон кийин бир жыл өтүп-өтпөй, кыр арка сөөгү кыйшайып баштаганын байкап калып, ооруканага алып барганмын. Ал убакта баламдын буту да кыскара баштаган экен. Доктурлар бир ооздон «массаж жасаткыла» дешкен. Алардын айтканынан чыкпай көп жолу массаж жасаттык. Улам бой тарткан сайын сөөгү кыйшайып баратат. Азыр уулум 9 жашка чыкты, врачтар сколиоз деген диагноз коюп, тез аранын ичинде Түркиядан операция жасатуу керектигин айтышты. Операциянын баасы 27.000 АКШ доллары экен. Чынында, буга биздин чамабыз келбейт, аргасыз элге жардам сурап кайрылып отурам. Буга чейинки көргөн күндөрүбүз бир Кудайга жана бизге эле маалым. Баламдын жүрөгү ооруганы аз келгенсип, эми минтип сөөгү кыйшайып зээнимди кейитип, жүрөгүмдү тилүүдө», — дейт Жанаркүл айым.