Жаркынбек Касымбеков: «Баарынын жеткен алы медиктер болду»

Дарыгерлердин баарын иштен алып салып, башкасын кайдан алабыз? Бири-бирибизди тебелеп, тепсендиде калабы, медицина? Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин милдетин аткаруучу Жаркынбек Касымбеков соцтармактагы баракчасына жазып чыкты.

«Камерасы бары деле, жогу деле, блогери деле, доогери деле жеткен алы медиктер болду го! Тажагандары чет жакка чыгып кетти. Туура! Көйгөй көнөктөй, чечели жалпылап! Жакшы десек жакшырат. Жамандап отуруп медицина ушуга келди. Күнүгө канча өмүр сакталат! Эл-журт, төө басты кылбай министрликти вакцина алгыла, арам деп «фейкке» ишенбей, баланарды карагыла. Дене бизге берилген аманат, кор кылбай жакшы баккыла! Кудай сактасын кырсыктан, келебиз дайым жардамга!»,- деп жазды ал.