Жаркынбек Касымбеков: «Бишкектеги косметологиялык борборлордун көбү талапка жооп бербейт, барбай тургула!»

Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Жаркынбек Касымбеков маалымат жыйында Бишкектеги косметологиялык борбордордун талапка жооп берберин айтып, барбай турууга чакырды.

«Бишкекте 18 жай текшерилди. Алардын экөөсү гана талаптарга анча-мынча жооп берет экен. Ал эми тогузунда медициналык билими жоктор иштейт экен. 7 борбордо лицензия болгону менен талапка жооп бербейт. Текшерүү болгондо, алар эшикти жаап алып, киргизбей коюшкан. Иретке келтирилмейин барбай турууга чакырам», — деди ал.