Жарыкты өчүрө бермейди токтоткула деп, жол буумай башталды

Кечээ Бишкек шаарынын четиндеги “Ак-Жар” конушунун тургундары митингге чыгышты. Алар конушта жарыктын өчүрүлүшү адатка айланганына нааразы болушууда. Тагыраагы алар күн сайын кечки саат 6дан тартып түнкү саат 12ге чейин электр энергиясыз калышат. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө кайрылуудан майнап чыккан эмес. Тургундар айланма жолду бууп, жолдун так ортосунда машинанын дөңгөлөктөрүн өрттөштү.

Митингге чыккандар менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн соң алар жолду ачып беришип, жарым түндө үйлөрүнө тарап кетишти. Бул тууралуу Чүй ОИИББинен билдиришти.