Жарым жылда Кыргызстандын банктары тарыхында болбогон рекорддук киреше алышты

Кыргызстандын банктары 2022-жылдын январь-сентябрь айларында 18,4 миллиард сом киреше алышты, бул 2021-жылга салыштырмалуу 4,5 эсеге көп. Мындай маалыматты Улуттук статистикалык комитеттен билдиришти.

2022-жылдын тогуз айында банктардын 18,4 миллиард сом өлчөмүндөгү кирешеси Кыргызстандын бүткүл тарыхындагы рекорддук көрсөткүч болуп калды. 2021-жылы алар болгону 4 миллиард сом, 2020 жана 2021-жылдары 4,1 миллиард сомдон киреше алышкан.

Буга чейин Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешев Кыргызстандын банктары жарым жыл ичинде 10 миллиард сомдон ашык киреше тапканын айтып чыккан. «Алардын тапканы жакшы. Бирок алар арам жол менен пайда көрүштү: орусиялык жарандарга накталай чет элдик валютаны сатып, комиссиялык төлөмдөрдү алып отуруп, биздин жарандарга киреше алып келип, доллардын тартыштыгын жаратышты», — деди ал.