Жарыяланган буйрук боюнча медицина кызматкерлери коронавируска каршы эмдөөдөн милдеттүү өтүүгө тийиш

Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги дарыгерлерди милдеттүү түрдө эмдөөдөн өтүүсү боюнча буйрук чыгарды. Бул буйрукка эксперт Бермет Барыктабасова Facebook баракчасы аркылуу оюн билдирген. Ал министрликке карата нараазычылык билдирди.

“Саламаттыкты сактоо министрлиги өзүнүн сабатсыз буйруктары менен калктын ден соолугуна коркунуч келтирүүдө. Жалпы ведомстволор аралык өз ара аракеттин ордуна, масштабдуу түшүндүрмөлөрдүн жана окутуунун ордуна, билимдин жана санарип технологияларын колдонуунун ордуна, так, конкреттүү, ырааттуу чектөө иш-чараларынын ордуна, 862-буйрук милдеттүү эмдөөлөрдүн ордуна коркутуп-үркүтүүгө, жумуштан бошотууга, айлык-маянадан ажыратууга күч жумшап жатышат! Өлкөбүздүн юристтери 862-буйрук менен канча Кодекстер жана мыйзамдар таштандыга ыргытылып, чийилгенин санап чыгышсын. Уят! Өкмөткө уят!” — деп жазган ал.