Социалдык тармактын колдонуучусу Токтогул районунун кире беришинде таштанды жатканын айтып видео жарыялаган. «Эмне деген калкпыз?! Эмнеге өз жерибизди сыйлабайбыз? Бул жерде туристтер да жүрөт. Алардан уялып жатам. Памперс, бөтөлкө, таштандыңарды көтөрө кеткилечи. Бул адамдын эмес, айбандын иши», — дейт видеонун автору.
Бул боюнча Транспорт министрлиги маалымат таратып, министрликтин жолчулары тарабынан бардык аймактарда лотокторду тазалоо, жол четин тегиздөө, актоо, сырдоо, жол белгилерин алмаштыруу, куурап калган бак-дарактардын бутактарын кыркуу, асфальт төшөө, аң-чөнөктөрдү толтуруу менен жол жээгине ыргытылган таштандыларды тазалоо иштери жүрүп жатканын билдиришти.
«Видеодо көрсөтүлгөн Ош-Бишкек жолундагы Ала-Бел ашуусу учурда №23 Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери тарабынан тазаланып, таштанды челектер орнотулуп жатат. Мындан улам айдоочу жана жүргүнчүлөрдү өйдө-төмөн өткөндө жол жээгине таштанды ыргытпоого чакырабыз»,- дешти.