Жасалма акча таратуу менен алектенген жасалма акча жасоочулар кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Козголгон кылмыш ишинин алкагында соттук-техникалык экспертиза жүргүзүлүп, натыйжада жүгүртүүдө жасалма чет элдик банкноттор пайда болгонун тастыктаган корутунду алынды.
Бул боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары уюштурулуп, натыйжада Кыргыз Республикасынын жарандары жасалма акчаларды сатуу жана ага ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында эски унааларды сатып алуу жана сатуу бизнесин уюштургандыгы жана төлөмдөрдү жасалма чет элдик банкноттор менен жүргүзүшкөндүгү аныкталды.
13-январда аталган жарандардын жашаган жеринде тинтүү иштери жүргүзүлүп, анын жүрүшүндө ири өлчөмдөгү чет элдик жана улуттук валютадагы банкноттор алынып, алар соттук-медициналык экспертизага жөнөтүлдү.
Кармалган жарандар УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.