Жасалма диплом. Жогорку Кеңештин депутаты Фархат Исмаилов мандатынан ажыратылды

6-июлда Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы депутат Фархат Исмаиловдун мандатын чакыртып алды.

Мындай чечим Билим берүү министрлигинен депутаттын жасалма диплому тууралуу маалыматынын негизинде кабыл алынган.

Министрдин биринчи орун басары Уланбек Усековдун айтымында, Исмаилов КУУга кабыл алынган эмес.