Бишкек шаарынын Биринчи Май районуна караштуу №107 Маевка мектебинин ата-энелери СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине кайрылышып, «Балдар ажатканага кире албай, мектептен шымдарын булгап келишет» дешти. Ата-энелер мектептин ажатканасынын сүрөт, видеолорун жиберишти.
«Кулайын деген ажаткана. Жытына адам чыдай албайт. Мектептин директоруна кайрылдык, жыйынтык жок. Ичин тазалагыла десек, «хлор жок, суу жок» дешет. Балдар кире албай, үйгө шымдарын булгап келип жатышат. Биздин мектепке өкмөт жаңы ажаткана салып беришсе», — дешет ата-энелер.
Кайрылган ата-энелердин айтымында, аталган мектепте 2 ажаткана бар, бири толуп калгандыктан жабылган.