Бишкек шаарынын Биринчи Май районуна караштуу №107 Маевка мектебинин ата-энелери СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине кайрылышып, «Балдар ажатканага кире албай, мектептен шымдарын булгап келишет» дешти. Ата-энелер мектептин ажатканасынын сүрөт, видеолорун жиберишти.
«Кулайын деген ажаткана. Жытына адам чыдай албайт. Мектептин директоруна кайрылдык, жыйынтык жок. Ичин тазалагыла десек, «хлор жок, суу жок» дешет. Балдар кире албай, үйгө шымдарын булгап келип жатышат. Биздин мектепке өкмөт жаңы ажаткана салып беришсе», — дешет ата-энелер.
Кайрылган ата-энелердин айтымында, аталган мектепте 2 ажаткана бар, бири толуп калгандыктан жабылган.
Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу үй-бүлөсүнүн атынан өз каражатына 14 балалуу Майрамбек Алыбаевге Honda Stepwgn үлгүсүндөгү унаанын ачкычын тапшырды....
Кыргызстанда айдоочулукка талапкерлер 083/у медициналык маалымкатты онлайн алса болот. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти. "Эми Кыргыз Республикасынын жарандары транспорт...
17-19-июнь күндөрү ысык аба ырайы күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти. Абанын күндүзгү температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө +39…+41°ка...
Кыргыз улуттук “Манас” театрынын төкмө акыны Нурсултан Малдыбаев Казакстандагы өткөрүлгөн айтышта II орунга ээ болду. Бул тууралуу аталган театрдан билдиришти....