Балдарга карата зомбулукту алдын алуу планы иштелип жатат

Өкмөт тарабынан үй-бүлөнү колдоо, балдарды коргоо жана аларга карата зомбулукту алдын алуу боюнча план иштелип чыгууда. Бул тууралуу бүгүн, 1-февралда Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Министрликтин маалыматына ылайык, 2024- жылга чейин эсептелген пландын долбоору азыр коомдук талкуудан өтүүдө. Ал мыйзамдык база түзүү, жергиликтүү бийлик органдары менен иштөө жана балдарды да, ата-энелерди укуктук жактан маалыматтык камсыздоого багытталган.

Өлкөдө жыныстык зомбулукка кабылган балдардын 80 пайызы зордук-зомбулук кордугун, адатта өз жакындарынан жана тааныштарынан көрөрүн жакында Ички иштер министрлиги кабарлаган эле.