“Жаш Кыял” тобунун солисти Бахадыр Карабаев 47 жашында каза болду

Бүгүн, 25-ноябрда «Ананайын» ыры менен таанылган “Жаш Кыял” тобунун солисти Бахадыр Карабаев 47 жашында каза болду. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине тамада Эрнис Бөрүбаев билдирди.

“Жаш Кыял” тобу элге бир эле «Ананайын» ыры менен эмес, «Алтыным», «Гүлмира», «Махабат», «Салфия», «Унутчу мени» ырлары менен таанылган.

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги Бахадыр Карабаевдин үй-бүлөсүнө, жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.