«Жашоо уланууда». 4-оорукананын мурдагы директору Сабырбек Жумабеков кадимки режимде иштеп жатканын айтты

Мурдагы 4-оорукананын, азыркы Тез жардам ооруканасынын мурдагы директору Сабырбек Жумабеков кадимки режимде иштеп жатканын соцтармактагы баракчасына жазды.

«Сиздерге билдирип кетким келет, биздин жумушубуз кадимки режимде уланууда. Күн сайын мен 5-6 операция жасайм. Анан бөлүмдөрдү айланам, 30-40 бейтапты кабыл алып турам. Мени колдогондорго жана биздин ишибизди түшүнбөй сын айткандарга да ыраазычылыгымды билдирем. Мен үчүн жашоо уланууда: бейтаптар, операциялар, илим жана башка иштер жүрүүдө», — деп жазды ал.

Февраль айынын башында министр Алымкадыр Бейшеналиев Бишкек Травматология жана ортопедия илимий изилдөө борбору Шаардык клиникалык тез жардам ооруканасы болуп кайра түзүлөрүн билдирген. Кайра түзүлсө, жетекчи алмашарын айткан. Буга каршы болгон ак халатчандар 3-февралда оорукананын алдында митинг өткөрүшкөн. 4-февралда министр Жумабековдун кызматтан алынганын айткан. Анын ордуна жаңы дайындалган жетекчини ооруканага киргизбей коюшкан. 10-февралда СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги мурдагы 4-оорукананын, азыркы Тез жардам ооруканасы менен байланышканында, Сабырбек Жумабековдун өз ордунда иштеп жатканы, операцияларды жасап жатканы маалым болгон. Бирок жаңы дайындалган башкы дарыгер Дамир Дүйшөновго эмгек жамаат каршы экенин айтышкан. Кийинчерээк оорукананын башкы дарыгеринин милдетин аткаруучу болуп Памир Муратов дайындалганы маалым болду.