“Жашоодо утуп алган жубайым” дечүмүн» дейт эгиз төрөп, каза болгон келиндин жолдошу

Ушул жылдын 14-январь күнү Бишкектеги №2 төрөтканада эгиз төрөгөн 22 жаштагы келин Мээримай Ташболотова каза болуп калган. Маркумдун жакындары SUPERTV’га кайрылып, окуянын чоо-жайын айтып беришти. “Эгиз уулдуу болорубузду билип, кубанычыбызда чек жок эле. Эми минтип ыйлай берип көзүмдүн жашы калбай калды” деген маркумдун жолдошу Тыныбек Керимбай уулу ошол күндү эскерди.

«Биз башында кош бойлуу экенин эле билдик. Анан 1 айдан кийин УЗИге бардык. Текшерилип жатканда эле дарыгер эгиз экенин айтты. 2 жумадан кийин жүрөгү согуп баштарын айтты. 1 айдан кийин кайра барсак, чын эле жүрөгү сого баштаптыр. Бейтапканага барып, анализ тапшырып, көрүнүп жүрдүк. Дарыгер өзү качан келерин айтып турат экен. Мен колуман келгенин кылып жаттым. Анализге чогуу барчубуз, күн-түн дебей эмне жегиси келсе, алып барчумун. Тилекке каршы, тагдырдын буйругу ушундай болуп калды»,— деди ал.

Экөө интернеттен таанышканын айтып берди. «Интернеттен таанышып, жолукканбыз. Биринчи жолугушууда эле жактыргам. 1 айдан кийин эле үйлөнүүнү сунуштадым. Той май айында болду. 13-майда баш коштук. Жакшы жашадык. Кайын журтум да жакшы. “Жашоодо утуп алган жубайым” дечүмүн»,- деди ал.