«Жашоону сүйгөн адам катары элес калтырган». №27 колонияда концерт берген ырчы Гүлназ Чыныбек кызы «атынып алды» делген жоокер тууралуу эскерди (видео)

Ырчы Гүлназ Чыныбек кызынын Молдовановка айылындагы №27 түзөтүү мекемесинде концерт берген учурундагы видео социалдык тармактарга тарап, коомчулукка жакшы кабыл алынган. Аталган видеодон позитивдүү маанайда ырчынын коштоп бийлеп жаткан жоокерлердин арасында 29-июль күнү атынып алды делген жоокер да болгон. Гүлназ Чыныбек кызы СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине маркум жоокерди позитивдүү, шайыр бала катары эстеп калганын айтты.

Мындан 15 күндөй мурун ушул Кайтаруу жана күзөтүү департаментинен чалышып: “Аскерлерибиздин духун көтөрүп, маанайын көтөрүү максатта келип чакан концерт коюп берип кете аласыздарбы?” деп суранышканынан убакыт аябай тыгыз болгонуна карабай 17-июль күнү аэропорттон түз барып ырдап кеткен элем. Гонорар бере албасак да кабыл алыңыз деп китеп белек кылышкан болчу. Андан да мага жоокерлердин маанайы бир аз болсо да көтөрүлүп калганына, чер жазып бийлеп алышканына кубанып кеткен элем…

Кайран жаш өмүр… Өмүрүмдө бир эле жолу көрсөм дагы көз алдымда аябай позитивдүү, жашоону сүйгөн инсан катары элес калтырды эле… Жоокер жигиттин жакындарына терең кайгыруу менен кайгыларын тең бөлүшөм», — деп эскерди ал күн тууралуу ырчы айым.