«Жашоонун белгилери аныкталган жок». УКМК чокуда калган аял боюнча маалымат берди

Бүгүн, 27-августта УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин тапшырмасы менен Жеңиш чокусунда калган альпинист аялды издөө-куткаруу иштери заманбап технологияларды колдонуу менен жүргүзүлдү. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. 

Орусиянын жараны Наталья Игоревна Наговицына 1977-жылдын 20-августунда туулган, 2025-жылдын 13-июлунда Москва-Бишкек авиакаттамы менен Кыргыз Республикасына келген.

12-августта Жеңиш чокусуна чыгуу учурунда бутун сындырган. Куткаруу кызматтары тарабынан бир нече жолу эвакуациялоо аракеттери көрүлгөн, бирок алар тоолуу аймактын өтө татаал рельефи жана ыңгайсыз метеорологиялык шарттардан майнап чыккан эмес.

«Операциянын алкагында жогорку тактыктагы жабдуулар менен жабдылган учкучсуз учуучу аппараттардын жардамы менен альпинист турган жерди абадан видеого тартуу иштери жүргүзүлдү. Аба ырайынын кескин өзгөрүшүнө, анын ичинде катуу шамалга карабастан, тепловизордун жардамы менен абадан байкоого алынган кадрларды алууга мүмкүн болгон.

Алынган маалыматтарды талдоонун негизинде, факторлордун жыйындысын, анын ичинде аба ырайынын кескин өзгөрүшүн жана конкреттүү жайгашкан жерди эске алуу менен альпинист Наговицынанын турган жеринен жашоонун белгилери табылган жок»,- деп айтылат маалыматта.