Жатак мектепте балдар тамак-аштан массалык түрдө ууланышты

Чүй облусуна караштуу Байтик айылында жайгашкан жатак мектепте балдар тамак-аштан массалык түрдө ууланышты. Кечээ, 8-декабрда түнкү саат 11де баш-аягы 23 баланы “Тез жардам” бейтапканага жеткирген. Ууланып калган балдардын курагы 8ден 20 жашка чейин. Бардык балдарга медициналык жардам көрсөтүлгөн, алардын абалы канааттандырарлык. Иликтөөнүн жыйынтыгына жараша кошумча маалымат берилери айтылды.

Бул аралыкта вице-премьер Эльвира Сурабалдиева мектепте массалык ууланууга жол берилбеши керек деп, окуянын себептерин тыкыр териштирүүнү тийиштүү мекемелерге тапшырды.