Жатак мектептеги 15 жашар баланын өлүмү. Балдарды караган эки кызматкер жумуштан айдалды

Буга чейин Чүйдүн Беловодское айылындагы психоневрологиялык интернатта 15 жаштагы баланын сабалып көз жумганы маалым болгон. Өспүрүмдүн өлүмү боюнча комиссия түзүлгөн. Бул тууралуу Социалдык камсыз кылуу департаментинин директору Актан Балбаков билдирди.

Анын айтымында, каза болгон баланын атасы жок, ал эми апасы Орусияда.

«Окуя 25-апрелде болуп жатат. Аталган мекеменин директору 26-апрелде Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басарына чалып, окуя тууралуу айтып берген. Андан соң министрдин орун басары министрликтин тийиштүү өкүлдөрүнөн турган 4 кызматкерди жиберген. Арасында мен дагы бар болчумун. Биз жерине барып, териштирүү иштерин жүргүздүк. Бардык кызматкерлерден түшүнүк каттар алынып, тийиштүү иштерди аткарып келгенбиз.

Биз күзөттө туруп балдарды караган кызматкерлерге чара көрүү боюнча директорго сунуштама бергенбиз. Ошонун негизинде 2 күндөн кийин директор эки санитарканы жумуштан алып, медайым менен дарыгерге катуу сөгүш бериптир. Баланы караган кызматкерлер шалаакылык кылып коюшкан.

Биз барган учурда каза болгон баланын туугандары дагы келиптир, аларга жолукканда бизден акыйкат тергөөнү суранышты. Учурда тиешелүү РИИБ тарабынан тергөө жүрүп жатат. Биз тараптан түзүлгөн комиссия кызматтык иликтөө менен алектенүүдө. Анын жыйынтыгы чыга элек», — деди ал.