«Жатаканасы да бекер». 85 жашында студент болгон Мамат Кулматов бекер окумай болду

Мамат Кулматов 85 жашта. Ал “10 жашар кезимде апам оорудан каза болгондо медицина кызматкери болом деп максат койгом, ошол кыялымдын артынан фармацевтикага келдим” деп ОшМУда контракттык негизде окуп жаткан.

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги ОшМУ менен байланышканыбызда, аксакалдын акысыз окуп жатканы маалым болду. «ОшМУнун көзөмөлчүлөр кеңешинин чечими менен бекер окумай болду. Жатаканасы да бекер. Жатаканада жашап жатат», — дешти.

СуперТВ каналы буга чейин аксакал менен маектешип келген.