«Жатынын алып салып, эч кимге айтпаптыр». Жетекчи антисептик сайылган келиндин жатынын алып салышканын тастыктады

Буга чейин СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Нарында кош бойлуу кезинде медайым антисептик сайып алган келиндин эжеси кайрылып, сиңдисинин жатынын дарыгерлер эч кимге айтпай алып салганын билдирген. Ал ошондой эле муну укканда келиндин стресске түшүп кеткенин айткан.

Редакция окуя боюнча Нарын облустук ооруканасынын директору Чыңгыз Нарынбекович менен байланышканыбызда, маалыматты ырастады. «Ооба, чындыгында эле келиндин жатынын алып салышкан экен. Келиндин жакындарына эле эмес, хирург бул жөнүндө мага да айткан эмес. Келин ооруканага оор абалда түшүп, операция жасалган. Хирургдун айтымында, жатыны тонуска келбей алып салышкан экен. Бирок ал эч кимге айткан эмес. Келин ошол жакта 14 күн жаткан экен. Анын өмүрү менен алышып эле жүрө беришкен. Операция жасаган дарыгер бөлүм жетекчи болчу, аны уккан соң жетекчилик кызматтан алынды. Ал эми дарыгерлердин жетишсиздигинен улам катардагы дарыгер болуп иштеп жүрөт. Эгер мен окуя тууралуу билгенимде келиндин жакындарына же өзүнө деле түшүндүрүп айтмакмын»,— деди ал.

Ал ошондой эле келинге антисептик сайып алган кызматкердин кайра жумушка келиши тууралуу да маалымат берди. «Антисептик сайып алган медайымга кылмыш иши козголгон. Тергөө учурунда аны кызматтан четтеткенбиз. Жумуштан четтетилип, кийин өз арызы менен кетмек. Бирок кандайдыр бир себептер менен соттун кайра жумушуна чыксын деген чечимин көтөрүп келди. Ал азыр иштебей эле, мен кайра соттун чечимине каршы аппеляциялык арыз бердим»,— деди жетекчи.

Буга чейин Нарын шаарында медайым кош бойлуу келинге антисептик сайып алганы маалым болгон. Жолдошу келин төрөт үйүнө 39 жумалык кош бойлуу кезинде барганын, кесарево операциясы пландаштырылганын, 23-мартта медайым цефазолиндин ордуна хлоргексидин сайганын айткан. Келинге кесарево операциясы жасалып, 3 килограмм 500 грамм салмактагы дени сак кыз төрөлгөн.