Жаз эрте келеби? Февраль адаттагыдан жылуу болору күтүлүп жатат

Синоптиктер өлкөдө февраль айында абанын айлык орточо температурасы климаттык нормадан 1…1,5 градус жогору болорун божомолдоп жатат.

Кээ бир күндөрү абанын температурасы түнкүсүн -16 градуска чейин жетсе, күндүз +19 градуска чейин жылуу болушу күтүлүүдө.