Жаз жаанчыл болобу? Синоптиктер жума ичинде өлкөдө аба ырайы туруксуз болорун эскертет

Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Гидрометеорология кызматы 8-14-апрель күндөрүнө карата аба ырайынын божомолун жарыялады.

Синоптиктердин маалыматына ылайык, жума ичинде республика боюнча аба ырайы салкындап, туруксуз болот.

Чүй жана Талас облустары:

8-9-апрель: Көпчүлүк аймактарда жамгыр, күн күркүрөйт, тоолуу райондордо кар жаайт. Айрым жерлерде катуу жаан-чачын күтүлөт.

10-апрель: Айрым райондордо кыска мөөнөттүү жамгыр, күн күркүрөйт, тоолордо кар.

11-12-апрель: Түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Күндүз тоо этектеринде жамгыр жана күн күркүрөшү мүмкүн, өрөөндөрдө негизинен жаан-чачын болбойт.

13-апрель: Айрым жерлерде жамгыр, күн күркүрөйт, бийик тоолордо кар.

14-апрель: Тоолордо кар, дыйканчылык аймактарында жаан-чачын болбойт.

Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары:

8-9-апрель: Көпчүлүк аймактарда жамгыр, күн күркүрөйт, тоолордо кар. Айрым жерлерде катуу нөшөр болушу мүмкүн.

10-11-апрель: Түнкүсүн негизинен жаан-чачын болбойт, күндүз айрым райондордо кыска мөөнөттүү жамгыр жана күн күркүрөйт.

12-апрель: Күндүз көпчүлүк аймактарда жамгыр, күн күркүрөйт, тоолордо кар. Түнкүсүн Ош жана Баткен облустарынын айрым жерлеринде жамгыр болушу мүмкүн.

13-14-апрель: Айрым жерлерде жамгыр. 14-апрелде бийик тоолордо кар, өрөөндөрдө жаан-чачын күтүлбөйт.

Ысык-Көл жана Нарын облустары:

8-апрель: Түнкүсүн жаан-чачын жок. Күндүз Нарын облусунун айрым жерлеринде жамгыр, күн күркүрөйт, тоолордо кар.

9-апрель: Тоолуу райондордо кар. Күндүз Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде жана Нарын облусунун көпчүлүк аймактарында жамгыр күтүлөт.

10-апрель: Көпчүлүк аймактарда жамгыр, күн күркүрөйт, тоолордо кар. Айрым жерлерде катуу жаан-чачын болушу мүмкүн.

11-13-апрель: Айрым райондордо жамгыр, күн күркүрөйт, бийик тоолордо кар.

14-апрель: Тоолордо кар, дыйканчылык аймактарында негизинен жаан-чачын болбойт.