Жаза аткаруу кызматы Мелис Аспековдун жандандыруу бөлүмүндө жатканын төгүндөп, абалы жакшы экенин айтты

Кечээ, 25-ноябрда опузалап акча талап кылган деп айыпталып жаткан жарандык активист Мелис Аспеков Улуттук кардиология борборунун жандандыруу бөлүмүнө жаткырылганын анын адвокаты айтып чыккан эле.

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги Жаза аткаруу кызматы менен байланышканыбызда, анын учурда жандандыруу бөлүмүндө эмес, палатада экенин айтышты. «Биринчи реанимацияга алып барышкан, кайра палатага которушту. Ал курч инфаркт миокарды менен жабыркап жатат. Учурда абалы жакшы»,- дешти мекемеден.