Жазаларды аткаруу кызматы «Женгонун» өлүмү тууралуу маалыматты четке какты

Социалдык тармактын колдонуучулары «Женго» кайманата аттуу кримтөбөл Кадыр Досоновдун СИЗО-1де каза болгондугу тууралуу жазып, бөлүшүп жатышат. Жазаларды аткаруу кызматы бул маалыматты четке какты.

Досонов Ош шаарында уюшкан кылмыштуу топтун эки мүчөсүн сабагандыгы үчүн козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалган. Алардын бири алган жараатынан каза болсо, экинчиси бутунан оор жаракат алып ооруканага жеткирилген.

Ал Ош шаарындагы 5-СИЗОго камалган. 23-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү, “Женго” каймана аты бар Кадыр Досоновду Оштон Бишкекке алып келүүнү буйруган. Декабрь айында Бишкекке которулганы белгилүү болгон.