Жазаларды аткаруу кызматынын кызматкери 41 жашында көз жумду

ЖАК ички кызматтын майору Мимоза Мурзалиева менен коштошту. Бул тууралуу ЖАКтан билдиришти.

Мимоза Мурзалиева 1983-жылдын 6-мартында Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Куртка айылында төрөлгөн. Билими жогорку, 2015-жылы ИИМдин Академиясын аяктаган. 2002-жылы эл аралык башкаруу, укук, финансы жана бизнес академиясынын техникумунда бухгалтердик эсеп жана аудит жана юрист адистигин аяктаган. Эмгек жолун 2005-жылы Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун борбордук аппаратынын финансы-чарбалык кызматынан баштаган. 2011-жылы ага алгачкы кенже лейтенант наамы ыйгарылып, дээрлик 13 жыл аралыгында ЖАКтын №3, 1, 31, 2, 50, 21 мекемелеринде кызмат өтөп келген. Маркум жазык-аткаруу тутумунда жалпы 18 жылдан ашык кызмат өтөгөн.