Март айында күйүүчү майдын баасы дагы 8 сомго кымбаттайт. Бул тууралуу Нефтетрейдерлер ассоциациясынын аткаруучу директору Канат Эшатов билдирди.
Анын айтымында, күйүүчү майга болгон баанын өсүшү Орусиялык заводдорго баалар байланыштуу болууда.
“Орусиянын заводдорунда баа акыркы эки айда 67 пайызга өстү. Андан тышкары, 2021-жылдын башында Казакстан Кыргызстанга бензинди экспорттоого тыюу салды. Ошондуктан баалар көтөрүлүп жатат”,— деди Канат Эшатов.