Жазгы Бишкек. Президенттин фотографынан сүрөттөр

Президенттин фотографы Султан Досалиев социалдык тармактагы баракчасында Бишкектин сүрөттөрү менен бөлүштү.

«Гүлдөп жаткан Бишкек. Апрель айында борбор шаарыбыз адаттан тыш кооз боло баштайт. Жаз күчүнө кирет, жоогазындар гүлдөп, көчөлөр жылмайган адамдарга жана кыт-кыт күлгөн балдарга толот»,- деп жазды ал.