Жазуучу Бексултан Жакиевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты эртең өтөт

Кыргыз Республикасынын Баатыры, Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Бексултан Жакиевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты эртең, 26-апрель күнү саат 11:00дө Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз Улуттук академиялык опера жана балет театрында өтөт. Бул тууралуу Маданият министрлигинен билдиришти.

Ал эми жаназасы эртең, 26-апрелде саат 10:00дө Токтогул-Үмөталиев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан үйүндө окулат.

Кыргыз Эл баатыры, жазуучу Бексултан Жакиев 85 жашында дүйнөдөн кайтканы маалым болгон. Анын туугандарынын айтымында, жазуучу коронавирустан каза болгон.