Жазуучу, прозаик жана публицист Кеңеш Жусуповго «Эмгек Баатыры» артыкчылык даражасы ыйгарылды. Жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.
Бүгүн, 23-декабрда мамлекет башчысы Садыр Жапаров бир катар кыргызстандыктарга мамлекеттик сыйлыктарды ыйгарды.
«Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана маданий потенциалын өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы, кесиптик ишиндеги чоң жетишкендиктери үчүн – “Эмгек Баатыры” артыкчылык даражасы Кеңешке Жусуповго ыйгарылсын», — деп жазылат жарлыкта.
Кошумчалай кетсек, тарыхчы, жазуучу Кеңеш Жусупов «Кыргыздар» атылышындагы 40 томдуктун авторлошторунун бири.