«Жазында митингге чыгышат». Депутат сүттүн баасы боюнча меселе көтөрдү

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Акылбек Түмөнбаев сүттүн баасы боюнча маселе көтөрдү.

«Жаз келе жатат. Жазда өлкөнүн бардык аймактарында сүттүн баасы арзандап, митингге чыгып, кайрылуу кылышат. Сүттү сатып алуу боюнча баа коюп берсек деп чечтим. Аны баарыңар колдойт болушуңар керек», — деди ал.

Депутаттын айтымында коңшу Казакстанда шаардагы элди сүт, эт, жумуртка менен камсыз кылсын деген максатта айылдагы ишкерлерге насыялар берилет. «Бизде өкмөт башчы баш болуп, министрлер каршы болуп дыйкан, фермерлерге колдоо көрсөтпөй жатат», — деди ал.