«Эң башкысы ЖЭБде да, ГЭСтерде да авария болгон жок». Бул тууралуу «Улуттук электр станциялары» ишканасынын маалымат кызматынан кабарлашты.
«Кыргызстандын жылуулук жана гидро электр станцияларында авария болгон жок. Электр энергиясынын үзгүлтүккө учурашы Борбор Азия боюнча болду. Иштин режими калыбына келтирилип жатат. ЖЭБдин жана ГЭСтердин жабдуусуна зыя келтирилген жок», — деп жазылат маалыматта.