ЖЭБде жабыркагандар жана аскер кызматкерлери Аданадагы ооруканага жаткырылды

4-февралда төрт кыргызстандык Түркиянын Адана шаарындагы көп тармактуу ооруканага жеткирилди.

Бейтаптарды Кыргыз Республикасынын Анталиядагы башкы консулу Рустам Кошонов жана Түркиянын Саламаттыкты сактоо министрлигинин башкы комбустиологу профессор, доктор Корай Даш тосуп алышты. Бейтаптар дароо кошумча диагностикалык жана лабораториялык изилдөөлөрдөн өткөрүлүп, андан аркы дарылоо үчүн ооруканага жаткырылды. Бейтаптарды коштоп жүргөн реаниматолог Жеңишбек Келдибеков төрт бейтап тең учуу маалында кыйналбаганын, абалы туруктуу экенин белгиледи.

Жабыркагандарга жардам көрсөтүү боюнча бардык чаралар президенттин жеке көзөмөлүндө экенин, жабыркагандарды Түркияга жеткирүү жана андан ары дарылоо үчүн каржылык каражаттар бөлүнгөнүн белгилешти.