ЖЭБдеги авариядан жабыркагандарга Түркияда операция жасалды

Бишкек ЖЭБдеги авариядан жабыркаган кызматкерлерге Түркияда операция жасалды. Бул тууралуу Энергетика министринин орун басары Талайбек Байгазиев Жогорку Кеңештин комитет жыйынында билдирди.

«Абалы оор. Бирине 2 күн мурун, экинчисине кечээ операция жасалды», — деди ал.

2-февралга караган түнү ЖЭБде авария болду. Жардыруудан беш адам жабыркап, алардын үчөө денесинен күйүк алышкан. Экөөнүн абалы оор болчу.