ЖЭБден жабыркаган жумушчуга канча сом берилгени айтылды

ЖЭБдин жабыркаган жумушчусу 180 миң сом алган. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев 11-апрелде Бишкекте өткөн маалымат жыйынында билдирди.

2-февралга караган түнү Бишкек ЖЭБде авария болуп, Чыңгыз Бактыбеков жабыркаган. Машинист, казан цехинин кароолчусу болуп иштеген. Кырсыктын кесепетинен денесинен 15 пайыз күйүк алып, 24 күн ооруканада жаткан.