«Жебей тургула». Чүй дарыясындагы балыктардын өлүп жатканы боюнча министрлик үн катты

ИЛЛЮСТРАЦИЯ

Чүй дарыясында балыктардын өлгөндүгүнө байланыштуу Сокулук райондук ветеринардык башкармалыгынын кызматкерлери жеринде балыктын патологиялык материалдарын жана суунун үлгүлөрүн алышты. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.

«Белгилей кетсек, балыктын калдыктары Төмөнкү Чүйдөн түшкөн каналдан байкалган. Балыктын өлүмүнүн себебин аныктоо үчүн бардык материалдар Республикалык ветеринардык лабораторияга тапшырылды. Жыйынтыгы 3 күндөн кийин белгилүү болот. Өлүмдүн себептери аныкталганга чейин аймактын тургундарын балык жегенден баш тартууну суранабыз», — дешти.