Жээнбек Кулубаев президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды

Кулубаев Жээнбек Молдоканович Кыргыз Республикасынын президентинин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.

Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.

Ал 2018-жылдын 10-октябрында президенттин жарлыгы менен Кыргызстандын Казакстандагы элчиси болуп дайындалган. Ал эми тышкы саясат бөлүмүн буга чейин жетектеп келген Дастан Дүйшөкеев Кыргызстандын Казакстандагы элчиси кызматын аркалап баштайт.