Жээнбеков менен Отунбаеванын «экс» макамын алууга 100 миң кол топтолду

Блогер Чыңгыз Капаров баштаган активисттер экс-президент Сооронбай Жээнбеков менен Роза Отунбаеванын экс-президент статусунан ажыратуу боюнча кол топтоону улантышууда.

Анын айтымында, учурда аталган мурдагы президенттердин «экс» макамын алууга 100 миң кол топтолду. Бирок демилгени парламентке өткөрүү үчүн 300 миң кол топтоо зарыл. Алар мындай кол топтоолорунун себеби катары Роза Отунбаева шайланган шайлоо атаандаштык негизде өтпөгөнү, ал эми Сооронбай Жээнбеков 2020-жылы мөөнөтүнөн мурда отставкага кеткенин айтышууда. «Экөөнүн убагында тең өлкө жоготууларга учурады», — дейт Капаров.

Кол топтоо Бишкек шаарында «Ала-Тоо» аянтындагы Илбирс имаратында ар аптанын ишемби күнү саат 10:00дөн 18:00гө чейин жүрөт.