Жеке ишкер Алижан Ибрагимов 67 жашында көз жумду

Токмоктук Граф деген ат менен таанылган жеке ишкер Алижан Ибрагимов 67 жашында көз жумду.

Ибрагимов Өзбекстандын Фергана облусунда төрөлгөн. Кыргызстандын Чүй облусунун Токмок шаарында жашачу.

Алдын ала маалыматка караганда, Ибрагимов коронавирустан улам каза тапты. Ал Токмок шаарында жерге берилет.

Forbes.kz маалымдагандай, Алижан Ибрагимов Казакстандагы эң бай ишкерлердин бештигине кирет. Анын байлыгы 900 миллион долларга бааланган. Ал Александр Машкевич менен Патох Шодиев өнөктөш болгон «Eurasian Resources Group» (ERG) компаниясынын тең ээси болчу.