«Жеке ишкер өлтүрүлүп, тоок фермасы да өрттөлгөн». Ак-Сай айылынын тургуну Матиса Надиров тууралуу видео тарады

Баткендин чек арага чектеш Ак-Сай айылында тоок ферма кармаган Матиса Надиров деген ишкер Тажикстандын кол салуусунан каза болду. Айылдаштарынын айтымында, жеке ишкер өзү өлтүрүлүп, тоок фермасы да өрттөлгөн.

«Чек арадагы чырдан качып, башка жакка курам деген ой такыр болгон эмес. Мен дал ушул айылда жашашым керек, ушул айылда курушум керек, ушул жерде жашап калышым керек. Бул жер ата-бабабыз туулган жер, бул жактан эч жакка кетпейбиз. Кетүүгө мүмкүн эмес. Канчалык чыр болбосун, биз ушул жерде жашай беребиз, кура беребиз», — деген ал тирүү кезиндеги видеодо.